Парламент комитетинде токой фондундагы жайыттардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке калтырууга багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды

15-октябрда парламент комитетинде токой фондундагы жайыттардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке калтырууга багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Демилгечи депутат Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзам долбоорунун максаты токой фондундагы жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке калтыруу болуп саналат. Мындай кадам өлкө боюнча жалпы 84 пайыз дотациядагы айылдардын айрымдарын болсо дагы дотациядан чыгарууга жардам болуп саналат. Маалыматка ылайык, жалпы 9 миллион гектар жайыт жеринин 1 миллион 200 миң гектары аталган фондго тиешелүү.

Жыйынга чакырылган айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев, каржы министри Адылбек Касымалиев негизинен мыйзам долбооруна каршы эместигин билдиришти. Ал эми Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Нурлан Жумаев Кыргыз мамлекетинин жалпы аянтынын 6 пайызы гана токой баскан аймактар экендигин, алар стратегиялык объект болуп саналарын, Токой фондусундагы жайыттардан түшкөн каражаттарды токойду сактоого, көбөйтүүгө жумшаларын айтып, мыйзам долбооруна каршылыгын билдирди.

Депутат Айтмамат Назаров жайыттарды жакшыртууга же токойду коргоого багытталган жайыттардан түшкөн каражаттардын көлөмү кыскарбашы керек деген пикирин ортого салды. Комитет мүчөлөрү токой фондундагы жайыттардын 30 пайызы гана пайдаланыларын тактап, токой чарбасына тиешелүү жайыттардын сакталышына байланыштуу бардык кооптуу жагдайлар эске алынышы керектигин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан