Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат угулат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жасайт. Ошондой эле Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жыйынында УКМКнын жарандарды мыйзамсыз тыңшоо фактылары боюнча маалыматы угулат. Баяндаманы УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов жасайт.