Мамлекеттик чек ара кызматы биргелешкен "Мекен чеги-2018" чек ара операциясын аягына чыгарды. Бүгүн, 16-октябрда аталган мекемеде операциянын жыйынтыгы тууралуу жыйын өтүүдө. Анда айтылгандай, операция сентябрь айында Кыргыз мамлекетинин, Орусиянын, Казакстандын жана Тажикстандын аймагында үч этап менен өткөрүлгөн.
Биргелешкен атайын операцияга Кыргыз тараптан 2 миңге чукул аскер кызматкери катышып, 882 унаа каражаты тартылган. Ал эми Тажикстандан 3 миң 800 аскер катышкан. Казакстанда өткөн бул операцияга 2 миң 500 аскер, Орусияда 18 миң 524 аскер катышкан.