“Кыргыз мамлекетинде 19 учак бар, анын 17си менчик компаниялардын балансында турат”, - деп бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитет жыйынында Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров аталган агенттик кандай иштерди алып бара турганын сурады.
Акышев аталган агенттик учактардын коопсуздугу үчүн жооп бере турганын айтты. Ошону менен катар эле директор аталган мекемеде 46 кызматкер иштей турганын кошумчалады.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйынында “2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Катар мамлекети менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.