
Жыл башынан бери 10 чек ара чатагы катталган. Мындай маалыматты чек ара кызматынын төрагасы
Уларбек Шаршеев 16-октябрда мекеменин 9 айдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип жатып айтты.
Анын айтымында, 10 чек ара чатагынын жетөө Кыргыз-Тажик чек арасында, үчөө Кыргыз-Өзбек чек арасында катталган. Ошондой эле 9 айда чек арачылар 149 чек ара бузуучуну, 300дөй чек ара тартибин сактабаган адамдарды кармашкан. Учурда катталган окуялар боюнча тийиштүү иштер аткарылып жатканын кошумчалады төрага.