Бишкек шаарында фонтандар кыш мезгилине карата жабылды. Бишкек шаардык "Тазалык" муниципалдык мекемесинин кызматкерлери фонтандардын бассейндерин тазалоо жана кургатуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул маалымат менен Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бөлүштү.
"Учурда бассейндердин ичиндеги электр насосторун жана жарык берүүчү лампаларды, ток өткөрүүчү зымдарды оңдоо, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Фонтандар сезонун жаап, тазалоо иштери октябрь айынын аягына чейин уланат. Ноябрь айында капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталат", - деп билдиришти мэриядан.
Маалымат үчүн: Бишкек шаардык Муниципалдык мекемесинин балансында 16 фонтандар комплекси бар.