Өлкөнүн облустук, шаардык жана райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол коюлду

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 15-октябрда жергиликтүү соттордун судьяларын ыйгарым укуктарын жүргүзүү тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы сульялар кеңеши сунуштаган талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү.

Президенттин жарлыгы менен жергиликтүү соттордун судьялары болуп 8 талапкер дайындалды.

Чуй облустук сотуна - Адилет Эркебаев;

Ош шаардык сотуна - Гулзат Абсатарова;

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна - Нурлан Баймуратов;

Ош облусунун Өзгөн райондук сотуна - Алмаз Мамашов;

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна - Марат Акбердиев;

Нарын облустук сотуна - Алтынбек Бердибеков;

Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна - Гайратбек Абдисаматов;

Баткен облусунун Баткен райондук сотуна - Индира Турдумамбетова.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан