"Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосунда дагы 519 чакырым чек ара тактала элек". Мындай маалыматты чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 16-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн чек арага жакын айылдарындагы жашоочулардын ортосунда пикир-келишпестинтин жаралышына чек аранын такталбай жатышы себеп болууда.
"Чек аранын такталбаганынан улам жер, жайыт, суу талаштар болуп жатат. Ошондой эле элдин чек арага тыгыз жайгашканы чатак чыгууга себеп болууда. Бул маселелер Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан гана эмес, өкмөт тарабынан да катуу көзөмөлгө алынып, иштер жүрүп жатат. Биздин маалымат боюнча жакынкы күндөрү эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, маселени чечүү аракеттери көрүлөт. Эки өлкөнүн чек арасы жалпы 970 чакырым болсо, 519 чакырымы тактала элек", - деди Шаршеев.
Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргыз-Тажик чек арасында жалпы 7 чатак чыккан.