Ошто индиялык студенттерди тоноого шектелип дагы бир милиция кызматкери кармалды

Ош шаарында Индиядан келген студенттерди тоноого шектелип дагы бир милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Ош шаардык милициядагы ишенимдүү булактар билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин дагы Ош ОИИБинин маалымат кызматы индиялык студенттерди милиция кызматкерлери тоногон эки факт катталгандыгын жана ага шектелип эки милиция кызматкери кармалганын билдирген.

Маалым болгондой, 1-октябрь күнү саат 19:15 чамасында индиялык 18 жаштагы жаранды азиат түспөлүндөгү болжол менен жашы 25-30 чамасындагы бейтааныш адамдар токтотуп, өздөрүн "милиция кызматкерлери" деп тааныштырышкан. Андан соң аны ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаага салып Ош шаарынын У.Салиева көчөсүнө алып барышып, ал жерден студенттин жанындагы накталай 3 миң сом акчасын алып, өзүн унаадан түшүрүп коюп кетип калышкан.

"Бул факт боюнча жургүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 2 милиция кызматкери кармалган. Учурда бул тоноо фактысына катыштыгы бар дагы бир милиция кызматкери кармалды. Кармалган кызматкерлер бир нече тоноо фактысына шектелүүдө", - деп билдирди милициядагы булак.

Эске салсак, кылмышка шектүү катары кармалгандар Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул-кызмат батальонунун 25 жаштагы эки кызматкери болгон. Бул факт боюнча топтолгон маалыматтар толук жана ар тараптуу юридикалык баа берүү максатында Ош шаардык прокуратурасына жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ma2as
2018-10-16 20:31:58
Болушу мумкун . Бизде Бишекетке медакамдемиянын индустар менен пакистандар жашаган жатакананын коменданты Марат деген , азыр декан болуп калган деп уккан элем . Групалаш индус балдар айтчы эле , майрам куну мас болуп келип алып комнаталарга кирип уруп акчасын алчуу экен , ар нерсени шылтоо кылып коркутуп . Таныш болсо копко которулосун дегендей , башында физкультурадан берчуу сабак , кийин комендант болду , кийин эле декан
+1
ma2as
2018-10-16 20:53:26
Бул студентер , индустар менен пакистандыктар бизге билимди жакшы берет деп келишпейт . Булар менен чогу окууганмын . Арзан деп келип окуушат. Акчасы барлар Англия менен Европада , орто байлары оздорундо , акчасы жоктору бизге келип окуушат. Мейли келип окуушсун. Алардын бир студенти мейли кыргыз элине эмес - жеп жутар декан , ректорлор и ортомчуларга , и формачан каракчыларга берсе да - кыргызстандын капчыгында бир жылда болбоду дегенде орточо - 300 000 сом кетирет . Буларга окшогондордон
+2
ma2as
2018-10-16 20:57:12
Бишкек , Ош и Жалал Абадта коп , кичине болсо да киреше . Коро албай эле чекеден кыздарыбызды ташып кетип аткансып , жээ кытайлардай басып кеткендей коро албай эле жаман коро беришет . Маданятыбызды коргозгондун ордуна , кооп учурда карангылыгыбызды коргозуп коебуз - жатаканалырына барып каракчылык кылып. Дагы индустар балит , сасык деп коебуз . Убагында бизди башкалар - бараны - дегени менен ишибиз жок .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан