SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мен жаман көрөм... Кимди же эмнени?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Келгиле, кыздар, балдар, бул жакка коомубузда кездешкен, көзгө анча илинбеген, бирок жаман көрүнүштөр, адаттар жөнүндө жазабыз. Балким, айрымдарга тарбия болоттур. Мен, мисалы, шымынын багалегин өйдө карай бүктөп алган же ошол узун боюнча сүйрөп кийип алган, анысы көчөнү шыпырып бараткан кыздарды көрсөм ичимден жаман көрүп коём. Балдар сагызды кулагынын артына чаптап алганын көрсөм, кыжырым кайнайт. Бул мен үчүн эң жаман көрүнүш" деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Мен коомдук транспортторго түшкөндө буруксуп өтө эле ашыкча атыр сээп алгандарды жаман көрөм, ар кандай жытка аралашып жүрөктү айлантат".
- "Мен өзүмдү билем, көп түкүрүнө берем. Ушул мен үчүн жаман адат жана көрүнүш. Бул адаттан арылууга аракет кылып жатам, жылыш бар. Көчөдө тамеки тартып жаткандарга "туура эмес кылып жатасыңар" дейт элем. Бул билинбегени менен жаман көрүнүш..."
- "Менин эң жаман көргөн нерсем адамдардын сагызды же тамакты оозду ачып, чалпылдатып чайнаганы. Билинбегени менен, эң жаман көрүнүш. Ошондой эле нанды көтөрүп ары-бери басып жегендерге жаман жиним келе берет".
- "Майдачыл, ар бир ишке кийлигишип, адамды эзип жиберген эркектерди жаман көрөм".
- "Жолугушууга кечигип келгендерди жаман көрөм, бирок кээде өзүм да кечигип калам".
- "Мен кыздардын көчөдөн ойсоктогондорун, балдардын болсо чачына гель сүйкөп алып, көчөдөн басканын жаман көрөм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.