Биринчи вице-премьер "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашпаганы боюнча кимдир бирөөнүн жоопкерчиликке тартылганы тууралуу маалыматы жок экенин айтты

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында депутат Наталья Никитенко "Коопсуз шаар" долбоорунун 7 жылдан бери ишке ашпай жатканы боюнча ким жооп берерин сурады.

"Коопсуз шаар" долбоору 2011-жылдан бери ишке ашпай келе жатат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Ушул жылдын 9 айында эле 4 469 жол кырсыгы катталган. Андан 615 адам каза болгон. Каза болгондордун 77си бала. Бул долбоордун 7 жылдан бери ишке ашпай жатканына ким жооп берет? "Коопсуз шаар" ишке ашкандын ордуна иштер сотко өтүп жатат", - деди Никитенко.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аталган долбоордун ишке ашпай жатышына кимдир бирөөнүн, кандайдыр бир жоопкерчиликке тартылганы тууралуу маалымат жок экенин айтты. Ошондой эле Боронов бул аралыкта 5-6 өкмөт курамы алмашканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан