Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу сала турган мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, 16-октябрда коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу сала турган мыйзам долбоору талкууланды. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева жана Нурбек Алимбеков тарабынан демилгеленген.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, талкууга өкмөттүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөдөн жана айлана-чөйрөдөгү тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору жарандардын ден соолугун чылымдын таасиринен коргоонун коомдук мамилелерин жана укуктук негиздерин жөнгө салат.

Айнуру Алтыбаеванын айтымында, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, коомдук жайларда, балдар бар жерде жана коомдук транспортто чылым тартууга тыюу салынат. Ошондой эле өлкө аймагында тамеки керектөөнүн жайылышын туруктуу төмөндөтүүгө шарт түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurgazy1115
2018-10-16 18:21:51
Тамекини жашы 18 ден жогору адамга сата турган кылыш керек бизде да
+1
filis
2018-10-16 18:26:23
Ишке ашпаган Популизм
0
aydinnur
2018-10-16 18:29:02
Кой дегилечи..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан