Депутат Матраимов: "ИИМ менен Каржы министрлигинде "крысалар" турганда "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашпайт"

"Коңшу өлкөлөрдө "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырган компанияларды алып келип бул долбоорду ишке ашырса болбойбу” деди депутат Искендер Матираимов. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-октябрда комитет жыйынында айтты.

“Бул долбоорду Орусияда, Казакстанда, Тажикстанда ишке ашырган компанияны алып келип ишке ашырбайсыңарбы? Ал компаниялар жасаган долбоор иштеп жатат. Биздин өлкөдө бул долбоор 7 жылдан бери ишке ашпай келе жатат. Мындай боло турган болсо 20 жылда да ишке ашпайт. Бүгүнкү күндө “крысалардын” баары ИИМ менен Каржы министрлигинде отурат. Бул долбоорду ишке ашыруунун бирөө жоопкерчиликти алып ишке ашырбайбы?! Өкмөт жоопкерчиликти алып, силер парламентке долбоорду алып келбейсиңерби. "Сынак, тендер өткөрбөй эле колдоп бергиле, биз ишке ашыралы" деп сунуштабайсыңарбы? Биринчи вице-премьер-министр катары бул долбоорду ишке ашырууну өз жоопкерчилигиңизге ала аласызбы?” - деди Матраимов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутат айткан жоопкерчиликти моюнга алуу боюнча жооп берген жок. Боронов долбоорду өкмөт парламентке алып келсе баары бир парламент колдоп бербей турганын айтып, мыйзам жолу менен кетсин деген жообун узатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан