Ушул жылдын 9 ай аралыгында өлкө аймагында баш кошкон жаштардын саны өстү
Ушул жылдын 9 ай аралыгында өлкө аймагында баш кошкон жаштардын саны өстү. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы 9 ай аралыгында 16 миң түгөй расмий түрдө баш кошсо, быйыл ошол эле убакыт аралыгында баш кошкондордун саны 30 миң түгөйгө жеткен.
Ал эми өлкө аймагында бул убакыт аралыгында 7,5 миң түгөй расмий түрдө ажырашкан. Былтыр 9 ай аралыгында 5 миң түгөй ажырашканы маалым. Эң көп ажырашуулар Бишкек жана Ош шаарында катталган.