Тышкы иштер министрлиги: "Түркиядан келе албай жаткан кыргыз мигранттарынын маселелери аптанын аягына чейин чечилет"

Түркиядан келе албай жаткан кыргыз мигранттарынын маселелери аптанын аягына чейин чечилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын консулдугунун маалыматына ылайык, аталган маселелер боюнча Анталия шаарындагы консулдук пункттун вице-консулу менен "Фиеста сервис" компаниясынын жетекчилигинин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө компания жетекчилиги Кыргыз жарандары эмгектенген мейманкананын жетекчиси акыркы 2 жарым айдагы эмгек акысын төлөп бере албай калганын тастыктады. Муну менен бирге мейманкананын жетекчилери аптанын аягына чейин бул маселени чечүүгө белсенип жатканын билдирди. Мындан сырткары бардык 46 жаран мекенине кайтканга чейин жашап туруу үчүн мейманканага жайгаштырылган. Алар жатаканасыз калды делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул маселе ТИМдин жана Стамбулдагы башкы консулдуктун көзөмөлүнө алынды", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эмгек акысын ала албаган 46 Кыргыз жараны Түркиядан келе албай жатышкандыгы тууралуу маалымат тарап, Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулу жарандар менен жолугуп, алардын арызын уккандан кийин бир жыйынтык чыгарарын билдирген.

Түркияда эмгек акыларын ала албаган жарандардын маселесин Кыргыз консулдугу көзөмөлгө алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Feiza1982
2018-10-16 20:58:52
Кыргыздар коргоп аркасынан төш кагып колдой турган эч кимибиз жок . Кыргыздын 46 жаранына кайдыгерлик кылып бейкапар отургандарын бийликтегилер.
Шайлоодо тоону томкорушатго тим эле жазган убадаларын окуп бүтпөй !!!
0
Askarbek15
2018-10-17 09:37:00
Ибрагим жунусов козго корунорлук иш кылбайт баарибир ага эл учун куйгон элчи керек бизге
0
Askarbek15
2018-10-17 09:38:19
Жалганчы фирмаларды Гкнб оз козомолуно алсынчы супеп инфо жеткирип койгулачы элди кууратты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан