"Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашпай жатышына УКМКнын тиешеси бар". Бул тууралуу депутат Мирлан Жээнчороев бүгүн, 16-октябрдагы комитет жыйынында билдирди.
"Коопсуз шаар" боюнча өткөргөн конкурска өкмөттүн алдында турган компания жана бир чет өлкөлүк компания катышты. Бизде аткаруучу дициплина барбы? Өзүбүзгө өзүбүз көйгөй жаратып алабыз. Биздин мамлекеттик эки компанияны кимдер катыштырды? Артында кимдер турат ошону тактаңыздар. Болуп жаткан собатаждардын артында кимдер турат. Биз УКМК компанияларга каттарды жөнөтүп аралашып жатканын билебиз. Кимдин, кайсы чиновниктин тиешеси бар? Бул долбоордун 6 жылдан бери ишке ашпай жатышына айрым аткаминерлердин ач көздүгү себеп болууда", - деди Жээнчороев.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутат айткан сындарды четке какты жана мамлекеттик компаниялардын артында эч кандай аткаминер жок экендигин белгиледи.