Депутат Наталья Никитенко "Коопсуз шаар" долбоору айрым белгилүү бир кызмат адамдары тарабынан тоскоолдукка учурап жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-октябрда комитет жыйынында билдирди.
"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашып, жол көзөмөлдөгөн адамдык фактордун жок болушу, коррупциялык схемалардын жоюлушу белгилүү бир кызмат органдарга жакпай жаткандай. Конкурстардын кайра-кайра үзгүлтүккө учурашын жана башка нерселерди тыкыр иликтеш керек", - деди Никитенко.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутаттын айткан сөзүнө кошулду.
"Мен да сиздин оюңузга кошулам. Бизде да шектенүү бар. Кээ бир чиновниктер тарабынан саботаж болуп жаткандай. Бирок факт жок. Ошол себептен так жооп айта албайм", - деди Боронов.