Жыл башынан бери чек ара кызматынын 9 кызматкери каза болду

2018-жылдын январь айынан бери Мамлекеттик чек ара кызматынын 9 кызматкери каза болду. Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасы Уларбек Шаршеев 16-октябрда мекеменин 9 айда аткарган иштери боюнча маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, алардын бири Курган институтунда 4-курста окуп жаткан курсант болсо, калганы келишимдик негизде иштеп жаткан офицерлер менен прапорщиктер болушкан. Көпчүлүгү ден соолугуна байланыштуу каза болуп калышканын белгиледи.

"2016-жылдан бери бизде милдеттүү түрдө аскер кызматында жүрүп каза болгон факты каттала элек. Бирок жыл башынан бери жол кырсыгынан 2 кызматкер, ден соолугуна балайныштуу инсульт менен инфаркттан улам 4 кызматкер каза болду. Ошондой эле Курган институтунда 4-курста окуп жаткан курсант өз жанын кыюуга барган. Бирок ал Кыргыз өлкөсүнүн аймагында болбогону менен биз тараптан жиберилген курсант болчу", - деди Шаршеев.

Шаршеев учурда мындан улам чек ара кызматында иштеп жаткан кызматкерлердин ден соолугу текшерилип жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан