Кечээ, 16-октябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "Кыргыз өкмөтү менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бул макулдашууну ратификациялоо аркылуу Кыргыз өлкөсү менен Катардын ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана эки мамлекеттин ортосунда түз аба катнашына мүмкүндүк берилет.
Талкуунун жүрүшүндө бир катар араб өлкөлөрү, анын ичинде Катар мамлекетинин Доха-Ош-Бишкек аба каттамын ачууга кызыкдар болуп жатканы белгилүү болду.