UFC`нин жеңил салмак категориясындагы Дүйнө чемпиону Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегор менен реванштык беттеш өткөрүүдөн баш тарты. Бул тууралуу мушкердин агасы Алекс Нурмагомедов орусиялык басылмаларга билдирген.
Маалыматка ылайык, ирландиялык мушкердин командасы Хабиб Нурмагомедовго реванштык беттеш үчүн 15 миллион доллар сунуштаган.
"Макгрегор Хабибди кызыктырбайт. Ошол себептүү ал Конор менен эч кандай акча үчүн кайрадан беттеш өткөрбөйт. Хабиб алар тараптан түшкөн сунушка дароо "жок" деген жообун айткан. Ал Тони Фергюсон менен беттешип, андан соң карьерасын жыйынтыктайт", - деп билдирген Алекс Нурмагомедов.
Эскерте кетсек, АКШнын Лас-Вегас шаарында 7-октябрда өткөн беттеште Нурмагомедов Макгрегорду муунтуу жолу менен жеңишке жеткен. Бирок беттештен соң ал октагондун тосмосунан ашып түшүп Макгрегордун командасындагы Диллон Дэнисти сабаганга аракет кылган.