Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Электр жарыгы өчө турган жерлердин тизмеси:
10-кичи районунун Малдыбаев көчөсүндө саат 13:00дөн саат 18:00гө чейин;
"Орто-Сай" базарында саат 09:30дан саат 14:00гө чейин;
Дордой конушунда, Көк-Жар конушунун Кулмурзаев, Арстанбап, Чар көчөлөрүндө саат 09:30дан саат 18:00гө чейин;
Будённый, Фрунзе көчөлөрүндө саат 09:30дан саат 18:00гө чейин;
Ак-Бата конушунун 1-4-көчөлөрүндө саат 09:30дан саат 17:00гө чейин;
Ак-Өргө конушунун Саадак, Кыбыла, Ай-Көчө, Жетиген, Тогуз-Канат көчөлөрүндө саат 09:30дан саат 18:00гө чейин;
Маликов, Тойгомбаев, Репин, Термечиков, Садырбаев көчөлөрүндө саат 09:30дан саат 18:00гө чейин;
Щербаков, Тоголок Молдо, Боталиев, Түлөбердиев, Панфилов, Гастелло, Медеров көчөлөрү, Каарман, Алтай, Пенза туюк көчөлөрүндө саат 09:30дан саат 18:00гө чейин электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.