Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 16-октябрда Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин сайты жарыялады.
Маалыматка ылайык, жыйынга Жогорку Кеңештеги фракциялардын жана тармактык комитеттердин мүчөлөрү, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери, андан тышкары бизнес-ассоциациялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. "Жыйындын күн тартибинде ушул жылдын 25-июнундагы аталган кеңештин жыйынынын протоколунун аткарылышы каралып, эркин экономикалык аймактардагы субъектилердин көйгөйлөрү жана аны регулярдуу реформалоо боюнча кабыл алынган чечим тууралуу Экономика министрлигинин өкүлүнүн отчёту угулду. Ошондой эле инвесторлорго инвестиция тарткандыгы үчүн Кыргыз мамлекетинде жашап туруу укугун же болбосо жарандык берүү системин киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун изилдөө боюнча сунуштар талкууланды", - деп жазылат маалыматта.