Жалал-Абадда үйлөнүп жаткан жигит жүк ташуучу унаалардын коштоосунда өзгөчө кортеж уюштурду

Жалал-Абадда жаш жубайлар кымбат баалуу унааларды жалдоодон баш тартып, жүк ташуучу унаалардын коштоосунда кортеж уюштурду. Жаңы үйлөнүп жаткан Артур Жумабаев SUPER.KG порталына айтып бергендей, мындай кадамга ал өзгөчөлүк жаратуу үчүн жана ысырапкорчулуктан качуу үчүн барган.

"Бир нече жылдан бери жүк ташуучу унааларды айдап иштейм. Быйыл сүйлөшкөн кызым экөөбүз баш кошууну чечип, тойго даярдык көрүп жүргөн учурда кесиптештерим той кортежин өзүбүз айдаган жүк ташуучу унаалардын коштоосунда уюштурууну сунуштап калышты. Мага сунуш аябай жакты. Бир чети коёндой окшош тойлордон өзгөчөлүк болсо, бир чети көп акча коротуп кымбат баалуу унааларды жалдоо зарылчылыгы болбой, ысырапкорчулуктан сактайт", - деди Жумабаев.

Ал эми анын жубайынын айтымында, жүк ташуучу унаалардан турган кортеж ал үчүн өзгөчө сюрприз болду.

"Өзгөчө кортеж тууралуу той күнү гана билдим. Мага күтүүсүз болду. Бирок абдан жакты. Көргөн адамдардын баары таң калуу менен карап, айрымдары сүрөткө түшүп кетип жатышат", - дейт келин.

Жүк ташуучу унаалардан турган кортеж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Abdizhapar
2018-10-21 09:56:25
Бул да болсо ысырапкорчулук
+11
Abdizhapar
2018-10-21 09:57:19
Ысырапкорчулук токотом деген адам 5-6 айыл аксакалын чакырып дуба алып уйлонот
+6
pat12
2018-10-21 10:12:20
Abdizhapar,Бироонун жашоосу менен эмне ишин бар. Сенин бир нерсе кемип жатабы. Же коро албай жатасынбы. Сенден башкасына жагып жатабы болду. Бата деп суйлосон, дуа дебей. Кыргызда бата деп айтылат.
+5
Abdizhapar
2018-10-21 10:55:00
pat12,сага окшогон ххх жагат да
-8
Eka.kg
2018-10-21 10:32:44
Abdizhapar,Диний фанат болгондун да чеги болуш керек!
Ата-Бабаларыбыз дуа алып эмес, бата алып бактылуу жашашкан.
+15
Abdizhapar
2018-10-21 10:53:26
Eka.kg,ххх бул жерде ысырапкорчулук жонундо соз болуп жатат фанат эмес. Эмне жазганынды окуп кор озун ата-бабаларыбыз ошо бата алып эле бактылуу жашашканбы же азыркылар трактор мингени айылдагы тракторлорду топтоп камаз мингени камаз топтоп джип жалдап чыкса эле бактылуу жашап жатабы? Тескерисинен ушул нерселерге кредит алып толой албай ажырашканы канча
+2
Eka.kg
2018-10-21 13:00:02
Abdizhapar,Биринчиден ххх деген сөз мусулман адамдын оозунан чыга турган сөз эмес. Туура эмес болсо дагы, өзүнүкүн бербеген фанаттар ошентип сүйлөшөт.
Экинчиден башка комментарии жазбай эле коюну эле сунуштайм. Биздин (мусулмандардын) кадыр-баркын каяктагы бир "радикал диний фанат" түшүрүүсүн калаабайм!
+13
tumann.
2018-10-21 20:11:49
Eka.kg,сен мусульман эмессин го дейм. Же мен адаштымбы. Динде фанат деген тушунук жок. Фанат деп футболго же кандайдыр бир нерсеге берилгенди (динден башка) айтсан болот.динге берилуудо чек жок. Канчалык баш ийсен (берилсен) даража ошончолук осуп кете берет динге Берилуунун чеги жок. Себеп мында аягына жеттин деген тушунук жок.ажеп эмес олуялык даражага жетсе. Бирок бул мин адамдын биринин колунан келсе келет болбосо Аллаху аалам. Динге асылбайлычы. Бул жерде башка тема. Темага жараша ойжазалычы
-2
cholpon119966
2018-10-21 10:00:15
Озгочолук, креативный болуп фотосессиясы да укмуш болсо керек. Азамат жигит идея сонун экен, бактылуу болгула.
+5
pat12
2018-10-21 10:13:51
Сонун болуптур. Той эле болуп турсун.
+6
monster_high_98
2018-10-21 10:46:41
Мага жакты озгочолугу
+5
nur...nur.
2018-10-21 10:52:06
Ысырапкорчулук дегендер кичине тойдун шааниси болуш керекда
+8
ady-88
2018-10-21 10:58:40
Той болду тойдун эртеси ана Москва мына Москва болуп эки жаш кармашкан боюнча насыяны толош учун жолго чыгат.
+7
bond02
2018-10-21 11:55:45
Жук ташуучу унаага сала турган кыз экен да келин болуп жаткан неме.
+6
Benazir08
2018-10-21 13:31:21
Эмне бул машинага бензин кетпей койду беле ысырап бул деле текиндеги бензин да. Камазистердин. Бактылуу болгула эки жаш дальше жашап кеткиле ылайым башка эмне дейбиз 6ным. Жоп жонокой той откоргон адамды табуу кыйын гоот азыр. Кийин балдарыбыз кандай уйлонушоор экен
+3
Bolunbo.kyrgyz
2018-10-21 13:42:27
Акчаны туура колдонгонду уйронуш керек бул эмнеси эми ушунчалык акчан батпай жатса суу чыгарып жол салып бер элине же башка иш кыл не грамотныйбыз айынан ушундай бок курсак болуп журобуз ар элде тентип
+1
lenin1870
2018-10-21 20:56:00
Bolunbo.kyrgyz,туура айтасын акча табаардан мурда эсебин тап дейтко эсебин таппасан миллиондор да кетип калат

0
Bek_abad
2018-10-21 13:49:55
Досум хит болуп кеткенго)
+2
fanatka19
2018-10-21 16:35:13
Опкосун колтуктап алган азыркы жаштар ата энердиэле минип чыкпаганыр калды
+1
Medina87
2018-10-21 17:10:51
Камазисттер реклама го)))
А так, жаш жубайлар бактылуу болушсун, Камаз тоолтура бала-чакалуу болушсун!!
+1
nemo2016
2018-10-22 11:06:19
Камаз эки эсе кымбатго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан