Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште өкмөт башчы тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштап жатат. Күн тартиби боюнча 5 маселе каралат. "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, "Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жана "Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралат.
1-бөлүк
2-бөлүк