Орусияда жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен эт азыктарын саткан Кыргыз жаранына айып салынды

Орусиянын Удмуртия Республикасынын аймагында жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен эт азыктарын саткан Кыргыз жаранына айып салынды. Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, аталган республиканын Ижевск аймагында полиция тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда 27 жаштагы Кыргыз жаранынын санитардык нормага туура келбеген, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен абалда канаттуу этин сактагандыгы аныкталган. Жыйынтыгында "коопсуздук эрежелерине туура келбеген тамак-аш азыктарын өндүрүү, сактоо жана ташуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кыргыз жараны сотто күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, ага 40 миң рубль өлчөмүндөгү айып пул салынды.

Орусияда мөөнөтү өтүп кеткен эт азыктарын саткан кыргыз жаранына айып салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан