Кыргыз өлкөсүндө Тергөө судьялар институту түзүлгөнү жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Сот департаментинин жетекчиси Рустам Ибраимов билдирди.
"Учурда Кыргыз өлкөсүндө 401 сот бар, өзгөртүлүп жаткан мыйзамга ылайык 56 сот кошулат жана бул соттор ар бир районго бирден бөлүнөт. Бул кошулуп жаткан Тергөө судьясы болуп эсептелет. Алардын орточо айлыгы 23 миң сом, кеңешчи, жардамчыларынын орточо айлыгы 8-10 миң сомду түзөт", - деди Ибраимов.
Депутат Дастан Бекешев бул маяна аз экенин, бул нерсе сот чечимдерине таасир тийгизерин айтты.
"Бул айлык акы аз, ал жакка жаштар эле тажрыйба топтош үчүн барбаса, башкалар барбайт. Мунун натыйжасы сот чечимдеринин жаңылыштыгына алып келет. Соттор акыйкат эмес, акча көп берген тараптардын пайдасына чечим чыгарып коёт", - деди Бекешев.