Депутат Карамушкина: "Сотторго кантип ишенебиз? Матраимовдун кызматын калыбына келтирди, Кулматовду соттоп жатат"

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина сотторго ишеним жок экенин айтып чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-октябрда парламент жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күндө сотторго ишенүүгө болбой калды. Азыркы сотторго ишенбей туруп, дагы бир сотту кошуп беребизби? Мен Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калбаевди айтам, ал коррупциялык иштерге байланышы бар деп кызматтан кеткен Райымбек Матраимовду жумушуна кайра орношууга чечим чыгарып берген. Бүгүн ал судья Кубанчыбек Кулматовдун ишин алып барууда. Бул жерде моралдык, этикалык норма кайда? Биринчи Май районунда сот жетишпейби? Бул бирден бир сотторго ишеним болбой калганынын мисалы. Бул саясий иш экени көрүнүп турат. Матраимовдун ишин калыбына келтирди, Кулматовду соттоп жатат. Эмне үчүн биз сотторго ишенишибиз керек?" - деди Карамушкина.

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева депутатты мамлекеттик кызматкер катары эмоцияга алдырбоого чакырды.

"Мыйзамга ылайык, биз так бир иш боюнча маалымат бере албайбыз. Ошон үчүн бир ишти мисал келтирбеңиз. Өзүңүз депутат болуп туруп сотторго ишеним жок экенин айтып жатсаңыз, анда коомдо сотторго карата ишеним жок деген пикир жаратасыз", - деди Калиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан