Депутат: "УКМК менен Башкы прокуратура сотторго басым жасап жатат"

"Бүгүнкү күндө соттор чечим чыгарууда чечкинсиз болуп жатат. Анткени УКМК менен Башкы прокуратурадан коркушат", - деп бүгүн, 17-октябрда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Башкы прокуратура үч судьяга ишти кароонун мөөнөтүн өткөрүп жиберди деп кылмыш ишин козгогон. Башка судьяларда деле мындай болуп келген. Гүлбара Үтүровна (ред. Гүлбара Калиева) сиз ушундай учурда сотторду коргошуңуз керек. Туура, мыйзам бузса иш козгош керек. Бул маселе боюнча президентке кирип айтуу зарыл, мен да мамлекет башчыга айткам. Мындай маселени чечүү абзел. Анткени бул сотторго болгон басым", - деди Бекешев.

Учурда Жогорку Кеңеште "Жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан