Ош-Бишкек жолунда жүк ташыган унаа 15 жылкыны сүзүп өлтүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 15-октябрь күнү таңкы саат 4:00 чамасында Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр шаарынан өткөн тилкесинде болгон. Анда жүк ташуучу унаанын А.Т. аттуу айдоочусу жолдогу жылкы үйүрүн байкабай сүзүп кеткен.
"Жол эрежелери тууралуу мыйзамга ылайык, күндүзгү убакта атайын жол белгиси коюлган жерлерден гана мал жандыктарды айдап өтүүгө болот. Аталган эрежелер сакталбаган учурда кырсык болсо, күнөө толугу менен мал ээсине коюлуп, ал келтирилген чыгымдарды төлөп берүүгө тийиш", - деп билдиришти башкармалыктан.
Азыркы учурда бул факты боюнча Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тергөө иштерин жүргүзүп жатат.