Ушул жуманын аягында өлкөнүн аймагында күн ачылып, абанын температурасы 20 градуска чейин жогорулайт

Кыргыз өлкөсүндө 21-октябрдан тартып күн жылып, абанын температурасы жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жуманын аягында, тактап айтканда, 21-октябрдан баштап өлкөнүн аймагында абанын температурасы жогорулайт.

Чүй өрөөнүндө 21-26-октябрда абанын температурасы +16 градустан +20 градуска чейин жогорулайт. Өлкөнүн түштүк аймагында абанын температурасы +18 градуска чейин көтөрүлөт. Нарын облусунда +6 градустан +15 градуска чейин жетсе, Талас жана Ысык-Көл облустарында +5 градустан +15 градуска чейин жылыйт.

Ал эми эртең Бишкек шаарында күндүз абанын температурасы +5℃ге чейин көтөрүлсө, түнкүсүн -5℃ болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kanat.tls
2018-10-17 15:01:46
Жакшы кабар
+2
Janna07
2018-10-17 17:11:34
Ошондо кыш бала таштадыбы дагы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан