Баткен облусунун Кадамжай районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 13 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды делген 21 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайдан бошотулду. Облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупованын айтымында, медициналык экспертизанын жыйынтыгында кыздын зордукталбаганы аныкталды. Учурда жазылган арыздын негизинде кылмыш иши ачылып, текшерүү иштери улантылып жатат.
Маалым болгондой, 15-октябрга караган түнү Кадамжай районунун Таш-Коргон айылында Кызыл-Кыя шаарынын 2005-жылы туулган М.К. аттуу тургуну зордукталгандыгы жөнүндө милицияга маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам-тергөө тобу барып, Таш-Коргон айылынын 21 жаштагы А.М. аттуу тургуну 15-октябрь күнү саат 01:00 чамасында М.К. аттуу тааныш кызын өзү жашаган турак үйүнө алып барып, ага сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаганын аныктаган. Кылмышка шектүү катары 21 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө кыз менен шектүү мурда сүйлөшүп жүргөнү, ошол күнү кыз анын үйүнө өз каалоосу менен барганы белгилүү болду. Ал эми кызга соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын корутундусунда кыздын денелеринде көгөргөн жаракаттар аныкталган эмес жана кыздык белгиси таза болуп чыкты. Ошондуктан А.М. убактылуу кармоочу жайдан бошотулду.
Бирок бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) менен кылмыш иши козголуп текшерүү иши улантылып жатат", - деди Юсупова.