Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Даттануу боюнча комиссиянын чечимине байланыштуу райондор аралык сотко доо арызы менен кайрылган.
Комитет аталган комиссиянын буга чейин чыгарылган чечимин жокко чыгарууну суранууда.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, азырынча арызды кароо баштала элек. "Арыз болжол менен 1-ноябрда каралышы мүмкүн", - деп кабарлады Жогорку Соттун басма сөз кызматы.
2018-жылдын 4-сентябрында өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгында сынактык комиссия катышуучу компаниялардын документтерин карап чыгып, “Вега” радио куруу концерни” компаниясын жеңүүчү катары сунуштаган. Ал эми ушул эле аукциондун экинчи катышуучусу болгон “Маалыматтык системдер коопсуздугу” ишканасы “Вега” концернинде акыркы үч жыл ичинде жол эрежелеринин бузулушун фото жана видео тасмага алууну тастыктаган тажрыйбасынын ылайыктуулугу тууралуу маалымат жок деген билдирүү менен Даттануулар боюнча комиссияга кайрылган.
Даттануулар боюнча комиссия бул билдирүүнү карап чыгып, “Маалыматтык системдер коопсуздугу” компаниясы тарабынан берилген маалыматтардын айрымдарын тастыктап, сынактык комиссиянын чечимин биротоло жокко чыгарган.