Жогорку Кеңеш тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин карап жатат

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеш тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин карап жатат.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн жүзүн көрсөтө турган адам катары Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштап жатканын айтты.

"Чыңгыз Айдарбеков 20 жылдан бери ушул тармакта эмгектенип келген, бир нече жогорку сыйлыктарга ээ болгон. Мен эмне үчүн бул талапкерди тандаганымдын себеби акыркы кезде Кыргыз-Япон кызматташтыгы жакшырып келе жатат, жана мунун баары Чыңгыз Айдарбековдун мээнети деп эсептейм. Жаш экенине карабай биздин элчилердин арасында өзүн көрсөтө алды", - деди Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан