Тышкы иштер министрине талапкер Айдарбеков: "Министрлик кызматка көрсөтүү мен үчүн күтүлбөгөн сунуш болду"

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина тышкы иштер министрине талапкер Чыңгыз Айдарбековду министр болууга эрки, күчү жете турганына кызыкты.

Ошондой эле Кыргыз-Япон кызматташтыгында эмне иштерди жасаганын сурады.

Айдарбеков: "Чынын айтсам, министрлик кызматка көрсөтүү мен үчүн күтүлбөгөн сунуш болду. Бул кызматтын милдеттерин толук аткарууга аракет кылам. Кыргыз-Япон кызматташтыгы боюнча 15 миллион доллар инвестиция тарттык, 70 миллион доллар гранттык каражат бөлүндү. Учурда жалпы бюджети 20 миллион доллардык 2 келишимдин үстүндө иштеп жатабыз", - деди Айдарбеков.

Депутат Дастан Бекешев бүгүнкү күндө министрлер коркок болуп калганын эске салып, бекем болууга чакырды жана колдой турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан