Өкмөт башчы: "Эрлан Абдылдаевдин кызматтан кетишине коомдо талкуу болуп жаткан окуялар да себеп болду"

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги каралып жатат. Анда депутат Рыскелди Момбеков өкмөт башчыдан мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абылдаев кызматтан эмне үчүн кеткенин сурады.

"Чалдардын өкмөтү деп сындадым эле, эми балдарды алып келипсиз. Калган эки министрликке да ушундай жаш, жакшы кадрларды алып келесиз деген үмүттөмүн", - деди Момбеков.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Абдылдаевдин кызматтан кетишине коомдо талкуу болуп жаткан окуялар да себеп болгонун айтты. "Бирок аны коррупцияга малынды деп айта албайм. Ал мамлекеттик кызматкердин этикасын сактап кызматынан кетти", - деди Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан