"Тажикстанда биздин элчи барбы? Такыр иштегенин көрбөйм", - деп бүгүн, 17-октябрда депутат Айтмамат Назаров парламент жыйынында айтты.
“Баткенде чек ара көйгөйү тынымсыз көтөрүлүп, жаңжалдар чыгууда. Элчи бул маселеге көңүл бурабы?” - деп сурады депутат.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстанда Кыргыз мамлекетинин элчиси катары Мирослав Ниязов иштеп жатканын айтты.
“Мирослав Ниязов элчи катары иштейт, жакында эле жолугуп келдим. Баткендеги чек ара боюнча өкмөттүк комиссия иштеп жатат”, - деди Абылгазиев.
Мирослав Ниязов 2014-жылдан бери Кыргыз мамлекетинин Тажикстандагы элчиси болуп иштеп келет.