Чыңгыз Айдарбеков: "Дипломатиялык паспорттор боюнча маселени өз көзөмөлүмө алам"

Бүгүн, 17-октябрда парламент жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева дипломатиялык паспорттор боюнча маселени тышкы иштер министри кызматына талапкер Чыңгыз Айдарбеков кантип чечерин сурады.

“Дипломатиялык паспорттор боюнча жаралган көйгөйлөрдү текшерүүгө аласызбы? Бардык мекемелерди текшерүүгө алсаңыздар”, - деди Сурабалдиева.

Айдарбеков дипломатиялык паспорт боюнча иштерди жеке көзөмөлүнө ала турганын айтты.

“Дипломатиялык паспорттор боюнча өкмөттүн тапшырмасы бар. Учурда текшерүү жүрүп жатат. Бул маселе Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө, мен да өз көзөмөлүмө алам”, - деди Айдарбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан