Айрым өлкөдөгү биздин элчилердин маселесин караш керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда депутат Элвира Сурабалдиева парламент жыйынында айтты.
Депутат бул пикирин Жогорку Кеңеш тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин карап жатканда айтып чыкты.
"Айрым биздин элчилер өз даражасына жооп бербейт. Элчилердин моралдык-этикалык нормаларына да көңүл буруу керек. Биз 2015-жылы АКШга барган учурда биздин делегация АКШдагы биздин элчиден каза болгон аял тууралуу жана анын баласы кайда экенин сураган. Ал "мен билбейм, бул жакка көп мигранттар келет, ар бирин каттоого алып отура албайм" деп жооп берген. Элчилерди тандап жатканда экономикалык эле пайдасын карабай, моралдык да жагын караш керек", - деди Сурабалдиева.
Кыргыз мамлекетинин АКШ жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогулов бул кызматка 2014-жылы дайындалган.