"Кызматтан кетүү маданиятын калыптандырыш керек", - деп бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаров сунуштады.
Ал кызматтан кетип жаткан чиновник кайсы убадаларын аткарганын жана аткарбаганын айтып кетиши керектигин билдирди.
"Өкмөт талапкерди кызматка сунуштап жатканда премьер-министр баш болуп келип, талапкерин коргоп отурат. Келгендин кетмейи бар, кызматтан кетип жатканда да эмне үчүн кетип жатканын сурасак жакшы болмок. Парламент же комитет деңгээлинде ар бир кеткен кызматкерди сурап алсак. Кызматтан кетүү маданиятын калыптандырыш керек. Эмне үчүн кетти, кандай себеп менен кетти? Айыбы болсо, кийин кызматка келбей турган кылалы. Азыр кызматтан кетет, кийин башка жерге кирип алып иштеп жүргөн болот", - деди Жапаров.