Бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө WhatsApp аркылуу байланышкан окурман жаңы төрөлгөн баласына бир айдан бери туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатканын айтты.
"Биз Ош шаарында жашайбыз. Төрөгөнүмө бир ай болуп калды, бирок балабызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатабыз. Барсак, күбөлүктүн мукабасы жок деп айтышат. Акча берсең таап беришет. Былтыр да ушундай болгон", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.