Арзыбек Кожошев, экс-министр: “Чиновниктер коркок болуп калды”

“Акыркы убактагы коррупция менен болгон күрөш чиновниктердин баркын төмөнгө түшүрүп жиберди. Мындан улам өкмөттүн ишинде алгылыктуу иштер жасалбай жатат”, - деп бүгүн, 17-октябрда "Президенттик шайлоонун жылдыгы: Кыргыз өлкөсү саясий тил табышууну жана биригүүнү издөө жолунда" атуу тегерек столдо мурдагы экономика министри Арзыбек Кошошев билдирди.

Ал акыркы айда экономикада өсүш болбой жатканына токтолуп, өкмөттүн ишинде реформалар жасалбай, мурдагы башталган иштердин токтоп калганын айтты.

"Президенттик шайлоо болуп өткөнүнө бир жыл болду. Ошентсе да экономикалык жактан жылыштар болгон жок. Бизде Баш мыйзам боюнча президент менен премьер-министрдин укуктары бөлүнгөн. Конституция боюнча, экономика багыты - толук өкмөт башчынын жумушу. Коррупция менен күрөштүн болгону, албетте, жакшы. Бирок мамлекеттик кызматтарда иштегендер менен сүйлөшүп көрүп бир нерсени байкадым. Учурда чиновниктер коркок болуп калган. Алар кайсы бир чечимге өз алдынча кол коё алышпайт. Акыркы убактагы коррупция менен болгон күрөш мамлекеттик кызматкердин, чиновниктердин баасын төмөнгө түшүрүп жиберди. Мына ушундан улам бүгүнкү өкмөттүн ишинде алгылыктуу иштер жасалбай жатат.

Ушул жылдагы 9 айдын жыйынтыгы боюнча экономикада 1-2 пайыз эле өсүш болду. Бул былтыркы жылга салыштырганда өтө төмөн көрсөткүч. Экономикада "капиталдын жүрүшү" деген түшүнүк бар. 6 айдын жыйынтыгы боюнча 33 пайыз же 122 миллион долларлык капитал сыртка чыгып кетти. Бул инвесторлордун Кыргыз өлкөсүнө ишенбей акчасын сыртка алып чыгып кетти дегенди билдирет.

Инвесторго эмне керек? Биздеги мыйзамдар аларды коргошу керек. Бул жаатта иштер жакшы аткарылган жок. Мисалы, “Жер-Үй” жана “Бозумчак” алтын кендери боюнча маселелер жөнгө салынбай келет. Мисалы, “Бозумчактын” жетекчисине иш козголуп, ал камакта отуруп чыкты. Муну көрүп турган инвесторлор келбейт. Бүгүнкү күндөгү эң орчундуу маселе - бул реформалардын жасалбай жатканы жана мурдагы башталган “Таза коом” жана “Коопсуз шаар” долбоорлорунун токтоп калганы. Бул иштерди алдыга жылдыруу үчүн жаңы көз караштагы адамдарды алып келүү керек, саясий пикирлерди угуу керек. Ушул жаатта кыймылдар жок”, - деди мурдагы экономика министри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан