СУПЕРСТАН: "Болочок жубайым менен уруша кетсем, жек көрүп каламбы деп корком"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кекчил же кек сактоо" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Саламатсыңарбы, форумчулар. Кекчил деген сөздү баарыңар эле билсеңер керек. Балким, силер да кекчил болушуңар мүмкүн. Бирок мен өтө эле кекчил адаммын. Жашым жыйырмадан ашып калса да, 10 жыл мурун таарынткан адамга дагы деле кек сактай берем. Ким мага жаман сөз айтса, дароо ошону мээме сактап алам. Жек көрүп калам. Эми менин үйлөнөр жашым да келди. Үй-бүлөдө сөзсүз казан-аяк кагылышат эмесми. Болочоктогу жубайым менен уруша кетсем, анын сөздөрүнө кек сактап, жек көрүп каламбы деп корком. Жек көргөн адамым менен 5 мүнөттөн ашык тура албайм. Кеңешиңиздер болсо, берип коюңуздарчы. Кантип кекчилдиктен арылсам болот?" деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Кечиримдүү болуш керек деп ойлойм, кантип арыласың билбейм, мен кекчил эмесмин".

- "Кек сактап жүрө берсең ал нерсе жан дүйнөңдү чиритип жиберет, жакшысы, ойлоруңду тазарт. Анча-мынча негативдерге көңүл бурбай эле кой".

- "Кудай сактасын, үй-бүлөдө, бир төшөктө, бир жаздыкта жаткан түгөйүңө кантип кек сактамак элең. Ашып кетсе 1-2 күн, 1 жума кек сактайсың, анан кайра эле жармашасың, нике деген ысык болот. Андыктан кек сактоо жөнүндө ойлонбой эле кой".

- "Кек сактамай менден калган. Бул эң бир жаман сапат. Башка сөз жок".

- "Оңою менен кек сактабайм, эгер ошого жеткирсе, өтө эле кекчилмин. Кечире да албайт экенмин".

- "Кекчил "номер бир" деп мени айтса болот, кечирип коюшум мүмкүн, бирок жүрөгүмдөн, мээмден өчүрө албайм. Кекти оруска берген, жүрөгүңө сактаба деп апам урушуп калат".

- "Жүрөктө кыпындай кек болсо, бейишке кирбейт деп айтылат. Кечиримдүү болуш керек, бирок мен дагы кекчилмин. Таарынып, кайра жазылып сүйлөй бергеним менен, аябай жакын адам болсо да ичимде так тура берет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nestana95
2018-10-17 21:11:26
Мен мурун кекчил болчумун,чон апама рахмат,берген насаатары м.н жендим
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2018-10-17 21:28:51
Мен да кекчилмин (
0
Aima94
2018-10-18 04:26:44
Мен да кекчилмин. Сүйлөшө берем жүрөгүмдө так болуп кала берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан