Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиева мурунку жумушуна дале чакырыла электигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Буга чейин Мамбеталиева жумушунан мыйзамсыз алынганы тууралуу мекемелер аралык комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгында жарыяланган.
"Жумушка качан чакыра турганын сурап өткөн жумада Коопсуздук кеңешине, Башкы прокуратурага, Мамлекеттик кадр кызматына баргам. Бул жумада ишке чакырыла турганымды билдиришкен. Күтүп жатам, азырынча чакырышкан жок. Мыйзам боюнча, аталган инспекция жумушка чакырышы керек", - деди Мамбеталиева.
Бул боюнча өкмөт жана аталган инспекция жооп бере элек.
Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Кийинчерээк "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атаган.
Ал эми аталган мекеме басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырган.