Бишкектеги көчөлөрдүн биринде жол чырак бир күн бою иштеген жок

Бүгүн, 17-октябрь күнү Бишкектин Элебесов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак бир күн кечке иштеген жок.

Түнү менен жааган кардан улам Бишкектеги айрым көчөлөрдө жол чырактар убактылуу иштен чыгып, айрымдары кайрадан ишке кирсе, айрымдары бир күн бою иштеген жок. Бул айдоочуларга да жөө жүргүнчүлөргө да бир топ ыңгайсыздык жаратты.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына караштуу Курулуш-монтаждоо эксплуатация башкармалыгынан бүгүн түшкө чейин бир катар кызматтардан борбордук көчөлөрдө 3 жол чырак иштебей калганын билдиришкен болчу. Башкармалыктан жол чырактар электр зымдарына ток келбей калган учурда иштебей каларын эскерткен. Иш күнү аяктаганына карабастан аталган жол кесилишинде жол чырак оңдолгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан