Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңеш тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин бир добуштан жактырган.
Буга чейин 12-октябрда мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан кеткен. Бул отставка Кыргыз Республикасынын Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султандын ТИМдеги кемчиликтер жана коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтып чыкканы жана ал боюнча Коопсуздук кеңешинин элчинин айтып чыкканы аныкталганын моюнга алуу менен коштолгон.
Чыңгыз Айдарбековдун өмүр баяны
Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктап, эл аралык байланыштар боюнча адистигине ээ болгон. 2001-жылы ошол эле университеттин юриспруденция боюнча магистратурасын бүтүргөн.
Эмгек жолун 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ Башкы башкармалыгында атташе кызмат ордунда баштаган.
2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкы башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өтөгөн;
2003-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы;
2005-2008-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү;
2008-жылы – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
2008-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилигинин кеӊешчиси;
2011-жылы – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
2012-2016-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси;
2016-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.
Сыйлыктары
2014-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен "Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылган.
2017-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси" дипломатиялык рангы берилген.