Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан кетти (өмүр баяны)

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин маалымат кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Анын арызына президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Абдылдаев аталган кызматта 2012-жылдан бери иштеп келген.

Өмүр баяны.

Абдылдаев Эрлан Бекешович 1966-жылдын 21-июлунда туулган.

1989-жылы Москва мамлекеттик эл аралык байланыштар институтун аяктаган;

Эмгек таржымалы.

1989-жылы СССР Тышкы иштер министрлигинин референти;

1989-1994-жылдары СССР элчилигинин атташеси, 3-чү катчысы, Орусиянын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги;

1994-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясынын эл аралык бөлүмүнүн референти, консультант-эксперти;

1997-1998-жылдары Тышкы иштер министрлигинин департамент мүдүрүнүн орун басары;

1998-2001-жылдары тышкы иштер министринин орун басары, биринчи орун басары;

2001-2005-жылдары Кыргыз мамлекетинин Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. Бир эле мезгилде Кыргыздын Монголиядагы, Сингапурдагы жана Таиланддагы элчиси;

2005-2007-жылдары Коомдук саясат институтунун эксперти;

2007-2012-жылдары Кыргыз өлкөсүндөгү согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун мүдүрү;

2012-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан