Саясий серепчи Игорь Шестаков: "Бизде чиновник чуулуу жарыя кылса, ал кайсы фракциянын квотасы менен кызматка дайындалганын карашат"

Өткөн айда Кыргыз Республикасынын Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги айрым былык иштерди ачыкка чыгарып, журналисттерге маалымат жыйын курган. Элчи сөзүн баштап жатып, бул маалыматтар боюнча буга чейин Тышкы иштер министрлигине, УКМКга жана президенттик аппаратка бир нече ирет кайрылып, тийиштүү реакция болбогондуктан өлкө башчысына түз жеткирүү максатында төртүнчү бийликке кайрылганын билдирген.

SUPER.KG порталы "ТИМ жашырса, УКМК иликтеп аягына чыгарбай койсо, президент көңүл бурбаган соң мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар тууралуу маалыматты элге жарыялаган туурабы?" деген соболуна Саясий серепчи Игорь Шестаков төмөнкүдөй жооп берди.

Ал мамлекеттик мекемелердин ичиндеги жаңжалдарда саясий боёк бар деген пикирде.

"Бизде аткаруу бийлик органдарын парламенттик фракциялар түзгөндүктөн, көйгөйдүн баары ушундан улам чыгууда. Фракциялардын ортосунда ар дайым саясий күрөш болуп турат эмеспи. Эгер кайсы бир чиновник чуу салган жарыя кылса, ал кайсы фракциянын квотасы менен кызматка дайындалганын карашат. Ошондуктан мекеменин ичинде болуп жаткан тирештер саясий күрөш деп бааланат. Мисалы, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги чыр жетекчилердин ортосундагы пикир келишпестик эмес, мекемеде топтолгон саясий партиялардын тиреши болду.

Жалпылап айтканда, бул окуя - өкмөттү партиялык түзүүнүн алгачкы сабактары. Мындай нерселер дагы уланат, анткени министр бир партиядан болот, орун басары башка партиядан болот. Бир жагынан караганда, партиялардын ортосундагы күрөш мекеменин пайдалуу иштешине жол тосот. Экинчи жагынан караганда, биз эми ушундай көрүнүштө жашайбыз. Дагы көп ушул сыяктуу окуялар болот. Биз парламенттик мамлекет болгондон кийин ушул парламенттик механизмдер бир гана шайлоолордо эмес, аткаруу бийлик органдарында да иштейт. Ошондуктан биз буга көнүшүбүз керек", - деди Шестаков.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, укук коргоочулар Рита Карасартова, Калича Өмүралиева, саясат таануучу Эмил Жураев, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан