Саясат таануучу Эмил Жураевдин: “Коопсуздук кеңешинин чечимдерин коомчулук "жетиштүү" деп кабыл албаш керек”

Өткөн айда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги айрым былык иштерди ачыкка чыгарып, журналисттерге маалымат жыйын курган. Элчи сөзүн баштап жатып, бул маалыматтар боюнча буга чейин Тышкы иштер министрлигине, УКМКга жана президенттик аппаратка бир нече ирет кайрылып, тийиштүү реакция болбогондуктан өлкө башчысына түз жеткирүү максатында төртүнчү бийликке кайрылганын билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "ТИМ жашырса, УКМК иликтеп аягына чыгарбай койсо, президент көңүл бурбаган соң мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар тууралуу маалыматты элге жарыялаган туурабы?" деген соболуна саясат таануучу Эмил Жураев жооп берди.

Саясат таануучунун пикиринде, Тышкы иштер министрлигине тиешелүү айтылып жаткан сындар жетекчилиги тарабынан тастыкталып же төгүндөлүшү керек эле.

"Учурда ТИМде түзүлгөн абал сырттан караган адамга кайсы бир мыйзамсыз көрүнүштөр бир топ жылдан бери чогулуп калгандай сезилүүдө. Кыргыз өлкөсүндөгү негизги көйгөй коррупция болгон соң, акыркы окуя аталган министрликте да ошол эле көрүнүштөр болуп жаткандыгын көрсөттү. Эми ошол көйгөй менен кантип күрөшүү керек деген негизги маселе турат. Деги эле ТИМ гана эмес бардык министрликтер өз ичиндеги мыйзам бузууларды аныкташы керек.

Менин пикиримде, ар бир жетекчи ошол ачыкка чыгып жаткан маселелер боюнча учурунда түшүндүрмө берип, кандайдыр бир чечим чыгарышы керек. ТИМдеги маселелерди айтып чыккан мурдагы элчи Кылычбек Султандын сөздөрү жетекчилик тарабынан иликтенип, мыйзам бузуулардын чын-төгүнүн, ал иштерге ким катышканын тастыкталып же төгүндөлүшү керек эле. Эгер ТИМ аны ачыктай албаса, анда тиешелүү органдар өз көзөмөлүнө алса болмок. Бирок ал иштер Коопсуздук кеңеши тарабынан иликтенип чыгып корутунду берилди.

Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек: Коопсуздук кеңеши - бул тергөөчү орган эмес, соттук орган эмес. Алар кайсы бир мыйзамсыз иштерге корутунду берүүгө ыйгарым укуктары, мүмкүнчүлүктөрү жетишпейт. Коопсуздук кеңешинин чечимдерин коомчулук "жетиштүү" деп кабыл албаш керек. Бирок муну биз кайсы бир коомдогу маселелерге бийликтин жообу деп түшүнсөк болот. Эгер туура, так иликтөө жүргүзүү керек болсо, анда аны башка тийиштүү органдарга берүү керек. Дагы бир эске ала турган жагдай, кээ бир маселелер президенттин деңгээлинде чечиле турган маселелер эмес. Ага тиешелүү министрликтердин жетекчилеринин жоопкерчилиги так аткарылышы керек”, - деди Жураев.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, укук коргоочулар Рита Карасартова, Калича Өмүралиева, саясий серепчи Игорь Шестаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан