Укук коргоочу Калича Өмүралиева: “Тийиштүү органдар тарабынан иликтенип аягына чыкпай калган иштер көп”

Өткөн айда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги айрым былык иштерди ачыкка чыгарып, журналисттерге маалымат жыйын курган. Элчи сөзүн баштап жатып, бул маалыматтар боюнча буга чейин Тышкы иштер министрлигине, УКМКга жана президенттик аппаратка бир нече ирет кайрылып, тийиштүү реакция болбогондуктан өлкө башчысына түз жеткирүү максатында төртүнчү бийликке кайрылганын билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "ТИМ жашырса, УКМК иликтеп аягына чыгарбай койсо, президент көңүл бурбаган соң мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар тууралуу маалыматты элге жарыялаган туурабы?" деген соболуна укук коргоочу Калича Өмүралиева жооп берди.

Анын пикиринде, коомчулук мамлекеттик кылмыштар тууралуу билиши зарыл.

“Аягына чыкпай калган иштер, кыскарган иштер көп. Айрым иштер толук иликтенип аягына чыгат, айрымдары чыкпайт. Коомчулукка мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар тууралуу маалыматты айткан туура, анткени эл билиши зарыл, кийин кайра жообун эл тийиштүү жерлерден сураш керек.

Мен жеке Кылычбек Султандын Тышкы иштер министрлиги боюнча эмне маалымат айтканын билбейм, бирок анын мамлекеттик кызматта туруп жарыялаганы болбойт. Мамлекеттик кызматкер такыр эч нерсе айтпаш керек деген да туура эмес. Мыйзам бузуу болуп жатса, сөзсүз айтыш шарт. Айтканда мыйзамдуу жолдор менен айтуу туура, Башкы прокуратурага кайрылыш керек, мыйзамда көрсөтүлгөн жолдор бар да. Болбосо кызматынан кеткен соң коомчулукка жарыялап айтып чыкса болот. Мыйзамсыз нерселерди таап айтып, коомго жеткирүүчү бул журналисттер болуп эсептелет”, - деди Өмүралиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, укук коргоочу Рита Карасартова, саясий серепчи Игорь Шестаков, саясат таануучу Эмил Жураев, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан