Өткөн айда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги айрым былык иштерди ачыкка чыгарып, журналисттерге маалымат жыйын курган. Элчи сөзүн баштап жатып, бул маалыматтар боюнча буга чейин Тышкы иштер министрлигине, УКМКга жана президенттик аппаратка бир нече ирет кайрылып, тийиштүү реакция болбогондуктан өлкө башчысына түз жеткирүү максатында төртүнчү бийликке кайрылганын билдирген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "ТИМ жашырса, УКМК иликтеп аягына чыгарбай койсо, президент көңүл бурбаган соң мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштар тууралуу маалыматты элге жарыялаган туурабы?" деген соболуна УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жооп берди.
Дүйшөбаевдин айтымында, Башкы прокуратура ТИМге тиешелүү маселелердин тыкыр иликтенбеген учурларына көңүл бурушу керек.
“Ал маселелердин баары эле ММКларга чыгып жатат. Бул туура, демократиянын белгиси. Жарыяланып жаткан маалыматтар боюнча укуктук баа берилиши үчүн Коопсуздук кеңешине жана Башкы прокуратурга жиберилди деп айтып жатышат. Эми ошол тийиштүү органдардын укуктук баасын күтүү керек. Азырынча ТИМдин айланасындагы маселелелер тыкыр иликтендиби же жокпу, муну айтуу эрте. Башкы прокуратура айтылып жаткан фактыларга эле эмес, эмне үчүн текшерүү жүргүзүлбөй тыкыр иликтенбеген учурларга да көңүл бурушу керек.
Учурда мыйзамсыз көрүнүштөр бир эле ТИМде эмес, башка министрликтерде дагы чыгып жатат. Ошон үчүн айрым мекемелерде эмес, жалпы эле башкаруу системине көңүл буруу керек. Анткени акыркы 6-7 жылдан бери мамлекеттик жетекчилердин жеке жоопкерчилиги аябай эле начарлап кетти. Бул маселерди жөнгө салуу үчүн комплекстүү иштер жасалууга тийиш”, - деди Дүйшөбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, укук коргоочулар Рита Карасартова, Калича Өмүралиева, саясат таануучу Эмил Жураев жана саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикири бул шилтемеде.